Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган ырчы Валерий Меладзенин Бишкекте 3-декабрга пландалган концертине уруксат берилген жок. Маданият министрлиги муну жобого байланыштырды. Таанымал ырчы 60 жылдык юбилейине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата Борбор Азияда турне менен жүргөн.
Ырчы 10-11-декабрда Астанада, 14-декабрда Ташкентте концерт койгон. Ал жакта билеттер мурда эле калбай калган, концерт аншлаг менен өткөнү белгилүү болду. Ал 18-декабрда өнөрүн Шанхайда тартуулай турганы кабарланды.
Валерий Меладзеге Кыргызстанда концерт коюуга уруксат берилбегени тууралуу орусиялык продюсер Павел Рудченко “Абзац” басылмасына мындай комментарий берген.
"Айрым өлкөлөр, тагыраагы Кыргызстан Орусия менен саясий чыңалууну каалабайт. Мамилени курчуткусу келбегендиктен сахнада саясий ураан чакырып жибере турган артисттерден оолак болгусу келет. Айрым инсандардын концертине караганда биздин өлкө менен мамилени сактагысы келет. Ошондуктан Меладзе, Моргенштерн сыяктуу артисттер өз иш-чараларын өткөрө албайт".
Моргенштернди Орусиянын Юстиция министрлиги "чет элдик агенттердин" тизмесине 2022-жылдын май айында киргизген.
"Азаттык" Павел Рудченконун өзү менен байланышып, бул маалыматтын чын-бышыгын тактаганга аракет кылды. Ал Меладзенин продюсери эместигин белгилеп, өзүн орусиялык медиаменежер деп тааныштырды. "Абзац" басылмасынын журналисти MASH деген орусиялык басылмага таянып, Кыргызстанда Меладзенин концертине тыюу салынганы тууралуу комментарий сураганда ага жооп бергенин айтты:
“Мен эч качан Меладзенин продюсеримин деген эмесмин. Муну маалымат каражаттары өздөрү кошуп койгон. Негизи концертке тыюу салынганы тууралуу маалыматты мага "Абзацтын" журналисттери айткан. Мен айтылган маалыматты гана комментарийлегем. Меладзенин концерти эмнеге болбой калышы мүмкүн экенин гана айткам".
Ал эми артисттин өзүнүн чыгармачыл тобу менен байланышканыбызда алар: "Биз ботторду жана Валерийдин арты менен атын чыгаргысы келгендерди комментарийлебейбиз. Ал продюсер эмес", - деген жооп алдык.
2022-жылы 22-сентябрда Меладзе Бишкекте түнкү клубдардын биринде уюштурулган концертин Баткендеги чек ара жаңжалында жана Украинада согушта курман болгондорду эскерүү менен баштаган эле.
Ал тапта Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги түшүндүрмө таратты. Мекеменин маалыматында ырчынын концертин уюштуруучулар быйыл жыл башында өтүнүч кат менен кайрылганы айтылат. Анын өз өлкөсүндөгү "репутациясын эске алып, иш-чарага даярдыкты токтото турууну сунуштаганын” кошумчалады.
“Уруксат берүү өтүнүчү менен "Тегин Арт" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Айдин Таласбекович Султанов 2025-жылдын январында кайрылган. Ага жооп катары биз тараптан учурда Меладзенин чыгармалары, жалпы эле анын репутациясы, тексттери, баары каралып жатат деген негизде иш-чараны өткөрүүгө даярдыкты токтотуп туруу сунушталган да. Андан кийин булар кайрылган жок. Жылдын башында беришкен. Ошого жылдын аягында кайра кайрылышы керек болчу. Мисалы, башка бир казакстандык "Кисло-Сладкий" деген ырчы бар экен. Ал 12-декабрда түнкү клубдагы иш-чарага чакырылыптыр. Териштирип чыгып, анын Казакстанда репутациясын карап, маңзаттарды пропагандалоого байланыштуу нерселери болгону үчүн уюштуруучуларга аны концертке кошпоо боюнча сунуш берилген”.
Министрлик былтыр чет элдик чыгармачыл адамдардын концертин өткөрүү боюнча жобо бекитилгенин билдирди. Бул документке ылайык, чет элдик ырчынын концертин уюштургандар министрликке өтүнүч менен кайрылып, тиешелүү документтерди алдын ала тапшырышы керек.
“Кыргыз коомчулугунда чет элдик артисттерге байланыштуу маселе резонанстуу же күтүүсүз болуп кетип жатпайбы. Министрликтин буйругу менен былтыр 24-декабрда атайын жобо иштелип чыккан. Ошол концертти, иш-чараны ким уюштуруп жаткан болсо өтүнүч каты керек. Андан сырткары ошол артист боюнча маалымат, анын өмүр баяны, чыгармачылыгы, программасы, ырлардын тексттери кошо тиркелип келет. Ар кандай учурлар болушу мүмкүн, улуттар аралык кастыкка же болбосо жаман жоруктарга пропаганда... Баңгизатка чакырып калышы мүмкүн. Ушунун баарын сурайбыз”, - дейт Маданият министрлигинин өкүлү Акжол Доранбек уулу.
Саясат таануучу Эмил Жороев коомчулукта күдүк ой жаралбашы үчүн кыргыз өкмөтү чет элдик артисттерди, конокторду тандоо критерийлерин эбак эле ачык жарыялашы керек болчу деп эсептейт.
“Биздин өкмөт түшүнүктүү коммуникация жүргүзүп, маалымат бериши керек. Ошондо ар кандай айың кептерге себеп болмок эмес. Бирок соңку кырдаалды, Орусиянын бул жердеги маалыматтык катышын эске алганда, балким бийликтер ортосунда кызматташтык тууралуу бир макулдашуулар болгонбу деген ой келет. Эгер ошондой болсо бул өкүнүчтүү. Анткени согуш башталганда эле Кыргызстан расмий нейтралдуу позицияда экенин билдирген".
Казакстандык саясий активист, журналист Арман Шораев Украинада уруш башталгандан бери баскынчылыкты жактаган артисттердин концерттери "согушту каржылоо, дем берүүгө тете" деп баалайт:
“Орусия өзү маданият менен саясатты аралаштырып жүрөт, маданиятты пропаганданын куралына айландырып алган. Орусиялык пропагандисттер миллиондогон адамды урушка азгырып, үгүтүнө ууландырып жүрөт. Миңдеген киши, арасында кыргызстандыктар да, казакстандыктар да мылтыгын көтөрүп алып, Украинага каршы аттанып атат”.
60 жаштагы Валерий Меладзенин теги грузин. Совет доорунда Батумиде туулуп-өсүп, Грузияда алгачкы музыкалык билим алган. Кийин окуусун Орусияда уланткан. Анын таланты, ырлары Орусия эле эмес, КМШ, Балкан чөлкөмүнө чейин белгилүү болгон. Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Чеченстандын Эл артисти наамдарын алган.
Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган маданият өкүлдөрүнүн бири. Анын мындай көз карашынан улам укук коргоо органдарына даттангандар да болгон. 2022-жылы Орусия Украинага негизсиз басып киргенден кийин Меладзе үй-бүлөсү менен Испанияга чыгып кеткен. Бийликти сындагандан кийин Орусиядагы концерттерин токтоткон. Бирок Түркия, Дубай, Европада талантын тартуулап жүрөт.
Негизи АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келип жатышат.
2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.
Ошол эле жылы орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган.